• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Калинин айылында жалпы аянты 50 чарчы метр болгон кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жыгач устундуу тунуке менен жабылган 36 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана 12 чарчы метр бөлмөсү толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу шаарында жайгашкан “Турат-Али” борбордук базарынын унаа токтоочу жайында “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий