• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 126 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирус дагы 126 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 46, Чүй облусунда – 25, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусу - 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 875 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 72 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 473 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 550 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий