• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада 1392 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 392 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 803, Ош шаарында – 78, Чүй облусунда – 197, Ош облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 97, Баткен облусунда – 83 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 616 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 258, Ош шаарында – 112, Чүй облусунда – 80, Ош облусунда – 101, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 16 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Баткен облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 353 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 55 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 337 бейтаптын абалы орто оордукта, 1 миң 3 адамдын абалы оор жана 188 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 46 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 454 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 902 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 126 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 110 миң 698 киши айыгып чыкса, 2 миң 9 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий