• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3 Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Дордой 2 жаңы конушунда бастырманын 30 чарчы метр жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында турак үйдүн короосундагы бастырма жана мончонун 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Ачы айылында эки кабаттуу сарайдын 90 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий