• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 142 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 70, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 18, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусу - 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 290 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 36 бейтап, амбулатордук түрдө 795 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 876 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 67 киши айыгып чыкса, 2 миң 532 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий