• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 16,3 миң адам COVID-19га каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта 16 миң 358 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 14 миң 412си биринчи дозасы менен, 1 миң 946сы вакцинанын экинчи дозасы менен эмделди.

Жалпы республика боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин 380 миң 971 адам, ал эми экинчи компонентин 111 миң 619 адам алды.

Пикир

Оставить комментарий