• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 8, Ош облусу 2, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик-3 конушунда жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 140 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талаа айылында жалпы аянты 275 чарчы метр болгон сарай жана 5000 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий