• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.22./Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Бишкекте Ленский көчөсү дарегинде жайгашкан жалпы аянты 20 чарчы метр болгон “Салих” дүкөндүн жыгач шыбысы жана 1 даана кондиционер, 2 даана стол күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында Маяковский жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде бала бакчасынын көмүр сактоочу жайында көмүр түтөп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Кочкор районунун Чекилдек айылындагы ички чарбалык унаа жолунда “Нива” үлгүсүндөгү унаадан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен районунун Бужум айылында сарайда өрт чыкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жалын өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан саат 19:27де чектөөгө алынып, саат 20:23тө толугу менен өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок. Тилсиз жоонун кесепетинен сарайда сакталган 5 мүшөк өрүк, 40 даана шифер, 50 даана торсун, 24 даана айырмач (стропила), 120 м рейка чыгымга учурады.

Пикир

Оставить комментарий