• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 3, Жалал- Абад 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Алсак, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында короодо жыйылган 2 миң түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Салгаман айылында жалпы аянты 126 чарчы метр болгон турак үй ичиндеги эмеректери менен толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Манас районундагы Арал айылынын түштүк-батыш тарабында тоо этегинде 19 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий