• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаары 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 5 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Орто-Сай айылында турак үйдүн 10 чарчы метр уктоочу бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы Соколок айылында жалпы аянты 190 чарчы метр болгон эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айыл аймагында турак үйдүн 8 чарчы метр чатыры жана 30 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий