• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 21 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 5, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарында көп кабаттуу турак үйдүн батиринин 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жалпы аянты 25 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылында жалпы аянты 100 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы Жданов айылында жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үй менен сарайдын 193 чарчы метр чатыры жана 50 түк чөп күйгөн. Өрт отко этиятсыз мемиле кылуудан келип чыккан.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 140 чарчы метр чатыры жана 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Баш айылында “Форд-Фокус" үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий