• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 21 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл 1, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 6, Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда жыгач устундуу шифер жабылган очок кананын 30 чарчы метр чатыры жана отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айылында ачык аянтта жыйылган 900 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында турак үйдүн 4 чарчы метр керме шыбы жана кондиционери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана 100 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий