• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда бр суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 8, Ош облусу 6, Жалал-Абад облусу 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө жалпы 26 бөлүм тартылган.

Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүңдө жалпы аянты 60 чарчы метр болгон кампа жана тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электыр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Сокулук районунун Шалта айылындагы Шабданаалы көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылындагы Шымкент көчөсүндө жалпы аянты 20 чарчы метр болгон бастырма, 300 түк чөп жана 20 даана эски унаа дөңгөлөктөрү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Өзгөн району, Кашка-Терек айылындагы Алымканов көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 99 чарчы метр чатыры жана 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Пикир

Оставить комментарий