• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Восток айылында жыгач устундуу шифер жабылган 50 чарчы метр мончонун жана турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылында жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн 80 чарчы метри күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 18 чарчы метри күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Раззаков шаарындагы Шаардык оорукананын гинекология бөлүмүнүн 4 чарчы метр бир бөлмөсү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий