• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада 237 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 16-августка карата коронавирус дагы 237 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 120, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 18 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 469 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 101 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 112 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 163 миң 249 киши айыгып чыкса, 2 миң 451 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий