• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 244 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 6 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 22-августка карата коронавирус дагы 244 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 137, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусу - 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 448 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 405 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 299 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 920 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 миң 308 киши айыгып чыкса, 2 миң 484 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий