• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 25 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 25 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билидрет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылында короодо жыйылган 300 түк чөп жана аянты 8 чарчы метр сарай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий