• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 269 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 114, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 73, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 15 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 534 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 823 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 894 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 937 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 344 киши айыгып чыкса, 2 миң 462 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий