• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Кыргызстанда бир суткада 3 адам сууга чөккөн

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 3 адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ Кочкор районундагы Кара-Күнгөй суусуна 1986-жылы туулган К.С. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Жерине 5 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:00дө жогоруда аталган жарандын сөөгү табылган.

Ошондой эле Баткен районундагы Сох дарыясына 1965-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Жерине 13 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Саат 6:20да ал адамдын сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.

Мындан тышкары, Ысык-Көл районунда жайгашкан "Аист" пансионатында 2007-жылы туулган Н. у Ж. аттуу бала сууга чөгүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 15:12де баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий