• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 32 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 32 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча алган Бишкек шаары 7, Чүй облусунда 19, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 37 бөлүм тартылган.

Алсак, Сүлүктү шаарында “Сүлүктү Кара-Булак” шахтасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 7 куткаруучу тартылып, өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришкен.

Бишкектеги Кустанайская көчөсүндө “Ауди С-4” үлгүсүндөгү унаа толугу менен, документтер жана 2 даана уюлдук телефон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй районунун Искра айылында аянты 15 чарчы метр болгон таштандыны кайра иштетичүү цех толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ачык аянтта 15 тонна жүгөрү жем жана 10 миң түк саман чөп күйүп жатат. Азыркы учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий