• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 379 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкекте – 240, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 103, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 304 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 191, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда - 7 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 703 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 542 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 152 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 505 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 440 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирди министрдин орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 33 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 120 киши айыгып чыкса, 1 миң 667 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий