• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 4,8 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 4 миң 869 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 181 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 688 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 635 миң 867 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 356 миң 215 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий