• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 40 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 40 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 9, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 42 бөлүм тартылган.

Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында таштанды таштоочу жайда 4000 чарчы метр куураган чөп, таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас районунун Көк-Токой айылында Манас көчөсүндөгү кампада 13 тонна көмүр түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий