• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 404 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 15-майга карата коронавирус дагы 404 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 294, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 9 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 349 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 200, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 97, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда - 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 3, Талас облусунда - 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 717 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 524 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 163 бейтаптын абалы орто оордукта, 449 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 539 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 468 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 249 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 302 киши айыгып чыкса, 1 миң 695 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий