• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 58 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 28-сентябрга карата коронавирус дагы 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 30, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 14, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Ош облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 96 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 811 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 375 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 5 киши айыгып чыкса, 2 604 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий