• 79.87
  • 84.48
  • 1.3

Кыргызстанда бир суткада 622 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 622 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 368 адам вакцинанын биринчи дозасын, 254 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 297 миң 729 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 76 миң 18 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Бустердик дозаны 40 миң 934 адам алды.

Пикир

Оставить комментарий