• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 7 миң 30 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 30 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 785 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 245 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 274 миң 688 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 65 миң 491 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий