• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 7 миң 415 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 415 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 879 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 536 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 280 миң 301 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 68 миң 330 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий