• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 8 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 8 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 жана Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 691 учур катталды, алардын ичинен 1520 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 33 миң 844кө жетти. Илдеттен жалпы 22 миң 296 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 329ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий