• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы “Каймак” тез тамактануучу жайынын ашканасында стол, жыгач эшиги жана видеокамера күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагында турак үйдүн ашканасынын 35 чарчы метри күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыналуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий