• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 9 миң 954 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 954 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 409 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 545 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 174 миң 295 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 958 миң 447 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий