• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада COVID-19дун 320 жаңы учуру катталып, 3 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 320 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 246, Чүй облусунда – 31, Ош шаарында – 8, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 217 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 149, Ош шаарында – 8, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 49, Ысык-Көл облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1601 бейтап, амбулатордук түрдө 2437 адам дарыланууда. 1121 бейтаптын абалы орто оордукта, 408 адамдын абалы оор жана 69 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 471 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 398 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 97 миң 278 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 90 миң 611 киши айыгып чыкса, 1 миң 640 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий