• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада эки жолу жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-март күнү саат 06:01де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Жийде айылында жана Өзгөн районунун Калта, Зергер, Кайрат, Кыргызстан жана Ничке-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле күн мурун саат 17:12де экинчи жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий