• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 132 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 132 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 45 адамдан, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 21, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда 6 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 225 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 80, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда 21 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 1 адам каза болгон: Баткен облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 394 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 73 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 841 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 79 миң 254 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 73 миң 5 киши айыгып чыкса, 1 миң 331 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий