• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 157 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 157 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 60 адамдан, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда 4 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 300 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 102, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 97, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда 14 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Коронавирустан жалпы 1 миң 344 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 303 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 155 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 95 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 873 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 182 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 477 киши айыгып чыкса, 1 миң 344 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий