• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 180 адамдан табылып, 307 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 180 адамдан табылып, 307 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 67 адамдан, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 60, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда 8 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 307 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 95, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 27, Баткен облусунда 20 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 358 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 246 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 92 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 865 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 25 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 177 киши айыгып чыкса, 1 миң 340 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий