• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 230 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 230 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 71 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 71, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда 9 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 261 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 78, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 63, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда 24 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Талас облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 453 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 414 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 80 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 850 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 79 миң 659 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 73 миң 561 киши айыгып чыкса, 1 миң 337 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий