• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 236 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 236 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди

Анын айтымында, Бишкекте коронавирус 51 адамдан, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 82, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 47, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда 6 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 417 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 118, Ош шаарында – 43, Чүй облусунда – 95, Ош облусунда – 32, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 41, Баткен облусунда 27 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет Үсөнбаев.

Министрдин орун басары белгилегендей, акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 2, Чүй облусунда – 2 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 948 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 904 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 41 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 781 медкызматкер айыгып чыкты”, - деди ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 77 миң 910 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 70 миң 867 киши айыгып чыкса, 1 миң 316 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий