• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 264 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 264 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 86 адамдан, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 60, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 44, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда 11 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 386 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 115, Ош шаарында – 15, Чүй облусунда – 110, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 41, Жалал-Абад облусунда – 28, Баткен облусунда 31 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Ош облусунда – 1, Баткен облусунда – 1, Ысык-Көл облсунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 815 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 743 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 57 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 805 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 78 миң 415 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 71 миң 656 киши айыгып чыкса, 1 миң 321 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий