• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 318 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 318 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 126 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 79, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда 16 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 258 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 96, Ош шаарында – 29, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда 15 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Ош облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 87 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 951 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 39 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 770 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 77 миң 674 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 70 миң 450 киши айыгып чыкса, 1 миң 312 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий