• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 327 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 327 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 113 адамдан, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Жалал-Абад облусунда – 33, Баткен облусунда 20 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 447 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 123, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 118, Ош облусунда – 39, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 42, Жалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда 42 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 1 адам каза болгон: Жалал-Абад облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 263 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 955 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 9, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 19 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 730 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 76 миң 718 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 69 миң 341 киши айыгып чыкса, 1 миң 307 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий