• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 341 адамдан табылып, каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 341 адамдан табылып, каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 112 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 58, Жалал-Абад облусунда – 35, Баткен облусунда 17 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 453 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 125, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 131, Ош облусунда – 35, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 45, Баткен облусунда 31 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 149 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 944 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 30 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 750 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 77 миң 59 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 69 миң 794 киши айыгып чыкса, 1 миң 307 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий