• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 378 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 378 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 80 адамдан, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 111, Ош облусунда – 45, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 54, Баткен облусунда 28 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 455 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 111, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 53, Талас облусунда – 32, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 63, Жалал-Абад облусунда – 56, Баткен облусунда 46 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 2 адам, Талас облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 851 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 832 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 842 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 560 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 70 миң 744 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 61 миң 593 киши айыгып чыкса, 1 миң 245 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий