• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 124 адамдан, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 176, Ош облусунда – 22, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда 21 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 433 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 80, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 82, Ош облусунда – 77, Талас облусунда – 30, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 54, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда 34 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 2 адам, Талас облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 948 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 829 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 7 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 831 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 552 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 70 миң 366 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 61 миң 593 киши айыгып чыкса, 1 миң 241 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий