• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада сегиз өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ош обусунунун Кара-Суу районундагы Түштүк-Темир ишканасына таандык имараттын эки чарчы метр жыгач полу, жумшак эмерек жана палас күйгөн.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында “Ауди С4” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаардык ооруканасынын кароосуз калган 200 чарчы метр кампасы толугу менен күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий