• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир жума ичинде 11 миң 961 жол эрежесин бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Жол кырсыктарын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Акыркы жумада республикада 11 миң 961 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 1434;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 2004;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 3994;

- ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 72;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 9;

- мамлекеттик номери жок – 21;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6;

- Автоээнбаштык – 8;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 151;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 79;

- Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 2;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 5298;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 23;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 220;

- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 689.

Пикир

Оставить комментарий