• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир жума ичинде 29 адамдан коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда 20-26-июнь аралыгында 29 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда коронавирус инфекциясын жугузуунун жаңы учурларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында аныкталган.

Катталган учурлардын ичинен:

Бишкекте – 21;

Нарын облусунда – 4;

Ысык-Көл облусунда – 2;

Ош облусунда – 1;

Ош шаарында – 1.

Илдетке чалдыккандардын арасынан бир адам ооруканага жаткырылган, абалы - орто оор.

Ал эми 6-13-июнда COVID-19дун 12 жаңы учуру, 13-19-июнда 7 учур катталган.

Пандемия учурунда Кыргызстанда COVID-19дун 201 миң 53 учуру катталган.

Пикир

Оставить комментарий