• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 15 миңден ашуун жол эрежеси бузулган

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта 15 миң 367 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • документи жок унаа башкаруу - 195
  • мас абалында автоунаа башкаруу - 318
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 33
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 275
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 058
  • транспорт каражаттарынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу - 6 478
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 4 010

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий