• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда бир жумада 15 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 13-январга чейинки аралыкта 15 миң 373 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 206;

- мас абалында рулга отуруу - 214;

- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 31;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 395;

- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5 миң 1;

- автоээнбаштык - 10;

- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 1 851;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 7 605. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 754 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий