• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 15 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Кырсык 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын 7нен 12-апрель күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 15 миң 541 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен – 134ү унааны мас абалында башкарышкан, документтери жок унаа башкаргандарга карата – 228 административдик протокол түзүлгөн.

Андан соң;

-Жогорку ылдамдыкта айдоо– 2 миң 905;

-Жол белгилерин сактабоо – 3 миң 878;

-Коопсуздук куру жок – 4 миң 406;

-Жолдо тоскоолдук жаратуу – 1 миң 368;

-Жарыктандыруу жабдыгы менен жүргөн- 1 миң 666;

-Башкаруу маалында уюлдук телефон колдонуу– 3 миң 21;

-Жол чыракка баш ийбөө – 541;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 525 унаа токтотулган.

КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий